Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 11 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 11 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдан билдиришкендей, анын ичинен 5 миң киши вакцинанын биринчи, 6 жарым миң жаран экинчи дозасын алды.

 

Белгилеп кетсек, учурга карата өлкө боюнча жалпысынан 1 миллион 93 миң адам вакцинанын биринчи компоненти, ал эми 876 миң 920 жаран экинчи компоненти менен эмделди.