Кыргызстанда доллар дээрлик 85 сомго чейин кымбаттагандан кийин кайрадан арзандап баштады.
Жуманын башынан бери америкалык валюта 20 тыйынга төмөндөдү. Бүгүн ордо калаадагы
акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар 1 долларды 84 сом 20 тыйындан
сатып алып, кайра 40 тыйынга кымбат сатышууда. Ал эми Улуттук банк бекиткен
курс 84 сом 63 тыйын чегинде кармалып турат.