Мамлекеттик мектептердин директорлук ордуна сынак жарыяланды

Мамлекеттик мектептердин директорлук ордуна сынак жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, талапкерлер бүгүнтөн тарта 15-июлга чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу облустук билим берүү башкармалыгына тиешелүү документтерин жана арызын жибере алат.

 

Белгилеп кетсек, бир мектепте 10 жылдан ашык убакыт жетекчилик кызматта иштеген адам ал мектептин директорлугуна ат салыша албайт.

 

Быйыл 262 мектептин директорунун ордуна сынак болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.