Кыргызстанда алтынчы түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт.
Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жумалык 16-20-июнь күндөрү уюштурулат.
Анын алкагында, «Арноо – Ыйык күрөш», «Сүйүү айттырбай келет», «Үнсүз дарак», «Ичимдеги каарман» жана анимациялык «Стамбулдун сакчылары» аттуу тасмалар акысыз көрсөтүлөт.
Жумалыктын ачылышы кино жана басма сөз ишмерлеринин катышуусунда 16-июнда Россия кинотеатрында «Арноо – Ыйык күрөш» тасмасын менен башталат.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Түркиянын кино тармагында эмгектенгендер ортосунда жолугушуулар өткөрүлүп, орток эмгектерди жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот.