Кыргызстанда жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 28-июнда саат 15:18де Кыргызстандын аймагында очогунда 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.

 

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Интернационал айылдарында 3,5 балл, Кант жана Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөнүн очогу Нурманбет айылынан 3 чакырым батышта, Интернационал айылынан 5 чакырым түндүк чыгышта, Кант шаарынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Бишкек шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.

 

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.