Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү

Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Мекемедегилер ымыркай кайсы облуста төрөлгөндүгү тууралуу толук маалыматты түшкөн кийин бере тургандыгын билдиришти.

Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылы, беш миллионунчу жаран Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылы,

төрт миллионунчу жаран Каныкей Кайыпова 1985-жылы төрөлгөн.