Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү азайды

Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү азайды. Ушул жылдын январь-апрель аралыгында өлкөдөн чет мамлекеттерге 173 миллион доллар которулду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 31 миллион долларга аз.

 

Кеп жеке жактардын транзакциялары тууралуу болууда.

 

Мурдагыдай эле Кыргызстанга сырттан жөнөтүлгөн акчанын суммасы алда канча көп. Ушул жылдын төрт айында республикага чет өлкөлөрдөн 923,3 миллион доллар которулган, анын көбү Россиядан жөнөтүлгөн.