Кыргызстандыктарга жылытуу жабдууларын колдонууга тыюу салынууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстандыктарга жылытуу жабдууларын колдонууга тыюу салынууда деген

маалымат чындыкка дал келбейт. Улуттук энергохолдингден түшүндүрүшкөндөй,

Кадамжай районунда тиричилик керектөөчүлөргө эмес, коммерциялык абоненттердин

жылытуу шаймандарына пломба коюлду. Белгилеп кетсек, былтыртан тартып

энергетикалык компаниялар жана улуттук энергохолдинг электроэнергиянын

дефицитин жабуу максатында иш-чараларды өткөрүп келет. Курч жетишсиздик

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун азайганына жана калктын

керектөөсү көбөйгөнүнө байланыштуу.