Кыргызстандын 5 аймагындагы бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды

Кыргызстандын 5 аймагындагы бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга Мамлекеттик кадрлар кызматы чыгарды.

 

Айылдар Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашат. Жалпысынан 9 калк жашаган түйүндүн аталышы өзгөртүлөт. Демилге улуттук идеологияны бекемдөөгө жана айылдарга буга чейинки белгилүү аталыштарды кайтарууга багытталат.