Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдү ташуу быйыл 42 пайызга көбөйдү

Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдү ташуу биринчи жарым жылдыкта 2 миллион 200 миң адамдан ашты.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42 пайызга көп, — деп билдирди “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Жүргүнчүлөрдү ташуунун эң чоң көлөмү, тагыраагы, бир жарым миллиондон ашыгы эл аралык авиакомпанияларга туура келген.

Ал эми ата мекендик авиакомпанияларда жүргүнчүлөрдү ташуу эки эсеге аз же 712 миң адамды түздү.