Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси алмашты

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы жана Баку шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Грузиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Президент Садыр Жапаровдун башка жарлыгы менен Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды.