Кыргызстандын банктарына сом менен салынган депозиттердин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандын банктарына сом менен салынган депозиттердин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, январга карата жалпы депозиттик база 431 миллиард 277,6 миллион сом деп бааланган.

 

Ал эми чет элдик валютадагы салымдар 195,7 миллиард сомду түздү. Белгилеп кетсек, мында депозиттик салымдар  гана эмес, эсептердеги каражаттар да кошо саналат.