Кыргызстандын ички каттамдарында Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспорту менен учууга уруксат берилди

Кыргызстандын ички каттамдарында Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспорту менен учууга уруксат берилди. Бул тууралуу » Манас» эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматы билдирди.

 

Бул документтерин унутуп калган жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн уюштурулду. Министрлер кабинетинин 2022-жылдын декабрдындагы токтомуна ылайык, Кыргызстанда электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болгон.