Кыргызстандын коронавруска каршы эмдөө сертификаты 14 өлкөдө таанылды

Кыргызстандын коронавируска каршы эмдөө сертификаты 14 өлкөдө таанылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, төмөнкү мамлекеттерде биздин өлкөнүн сертификаты жарактуу.

 

1. Индия
2. Ирак
3. Түркмөнстан
4. Түркия
5. Грузия
6. Казакстан
7. Армения
8. Белоруссия
9. Монголия
10. Парагвай (кошумча ПЧР-тести талап кылынат)
11. Нидерланды
12. Бельгия Королдугу
13. Иран
14. Катар

 

Бирок бул 14 өлкөгө кирүү жана жүрүүнүн ички эрежелери болушу мүмкүн. Андыктан, жарандар саякатка чыгуу алдында бардык инструкцияларды кылдаттык менен окуп чыгышы керек.