Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындап калды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындап калды.  Бул улуттук валюта менен эсептегенде 270 миллиард 268 миллион сомду түзөт, — дешти Каржы министрлигинен.

 

Чет өлкөдөн алынган каражат мамлекеттик насыянын 86,4 пайызын түзүп, 4 миллиард 169,6 миллион долларга жетти. Ал эми ички бересенин суммасы 13,6 пайызды түзөт. Белгилеп кетсек, мамлекеттик карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксимбанкы алдында.