Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстан аймагындагы биздин жарандардын жүрүү шартын жеңилдетүүнү суранды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстан аймагындагы биздин жарандардын жүрүү шартын жеңилдетүүнү суранды. Буга чейин коңшу өлкө кирүү эрежелерин өзгөрткөн.

 

Алсак, ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары Казакстан аймагында 90 күн жүрө алат, бирок жарым жылдын ичинде гана. Андыктан, мыйзамдуу жүрүү үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кирүү керек болот.

 

Кыргызстан бийлиги стратегиялык маанилүү мамилени эске алуу менен кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген шарттарды берүүнү суранды.

 

Өз кезегинде казак тарап жолугушууда бул суроону талкуулоону сунуштады.