Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес

Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес.

 

Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги эскертет. Андан белгилешкендей, Россияда убактылуу жашаган кыргызстандыктарга аскерге чакыруу кагаздары жаңылыш түрдө келип калса, элчиликке кайрылуу керек. Дипломатиялык өкүлчүлүк мындай учурда тиешелүү органдар менен кырдаалды жөнгө салууга жардам берет.

 

Эске салсак, социалдык тармактарда Россияда жашап иштеген кыргызстандыктарга мобилизацияга чакырык келгени жөнүндө маалыматтар тараган.