Кыргызстандын ЖОЖдорунда 50 миңге жакын контракттык бош орун калды

Кыргызстандын Жогорку окуу жайларында 50 миңге жакын контракттык бош орун калды.

Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 17-октябрда ЖОЖго кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн кошумча күзгү туру жарыяланган.

Тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында өткөрүлөт.

Кышкы кабыл алуу учурунда окуунун контракттык формасына гана тапшырууга болот.