Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан Максим Гордеев катышат

Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан Максим Гордеев катышат.

Улуттук олимпиада комитетинен билдиришкендей, Гордеев лыжа тебүү боюнча

Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери. Олимпиадага өлкөнүн спорттук

делегациясынын курамында Гордеевтен тышкары, анын машыктыруучусу,

миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери болот.

Белгилеп кетсек, учурда биздин өлкөдө кышкы олимпиада оюндарына бир

гана жолдомо бар. Оюндар 4-февралдан 20сына чейин Пекинде өтөт.