Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна Кытай 2 миллиард 350 миллион доллар бөлүп берет

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна Кытай 2 миллиард 350 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Сакиев билдирди.

 

Анын айтымында, долбоордун жалпы сметалык наркы 4,7 миллиард долларды түзөт. Бул сумманын жарымын Кытай бизге насыя катары бөлүп берет. Калганын катышуучу тараптар өздөрү чыгарышы керек.

 

Кыргызстандын кошо турган үлүшү 700 миллион долларды түзөт, — деди Сакиев. Эске салсак, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу август айында башталат деп пландалууда.