Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу 523 чакырымды түзөт

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу 523 чакырымды түзөт. Анын 213 чакырымы Кытай аймагы аркылуу өтсө,  260 чакырым биздин өлкөгө тиешелеүү болот, 50 чакырым Өзбекстан аркылуу өтө турганы Евразиялык өнүктүрүү банкынын докладында айтылат.

 

Жалпысынан долбоордун алкагында 90 туннель, көпүрөлөр жана темир жол станциялары курулат. Жүк ташуулардын потенциалы жылына 13 миллион тоннага жетет деп пландалууда. Курулуш иштери 6-8 жылга чейин созулат.