Кытай Кыргызстанга мамлекеттик карызды кайтаруу мөөнөтүн жылдырууга даяр

Кытай Кыргызстанга мамлекеттик карызды кайтаруу мөөнөтүн жылдырууга даяр. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

 

Анын айтымында, быйыл өлкө насыялар боюеча 88 миллион доллар өлчөмүндө пайыздарды бериши керек болчу. Пандемиянын айынан Кыргызстан Кытайга Париж клубу аркылуу кайрылууга аргасыз болду.

 

Жыйынтыгында, Кытай 2 пайыз алдындагы 51 миллиондук төлөмдү 6 жылга жылдырууга макулдугун берди. Ал эми министрлер кабинети бул сумманы электр энергиясын сатып алууга, Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык долбоорлорго жумшоо ниетинде.