Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей,
бүгүн, эртең Ысык-Көл жана Нарын облустарында күтүлүп жаткан
нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо
этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу жогору.
Андан улам, жарандарга өзгөчө этият болуу зарыл.