Өлкөдө доллар курсунун солгундоосу уланууда

Өлкөдө доллар курсунун солгундоосу уланууда. Улуттук банк бүгүн америкалык валютанын расмий кунун 86 сом 12 тыйын деп бекитти. Бир суткада төмөндөө дээрлик чейрек пайызга жетти.

 

Евро дагы арзандап жатат, учурда ал 92 сом 23 тыйын турат, рубль – 98 тыйын, тенге 18 тыйын.