Өлкөдө көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 720 сомго жетти

Өлкөдө көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 720 сомго жетти. Бул октябрдагы баага салыштырмалуу 10,5 пайызга көп. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти.

 

Ага ылайык, эң кымбат баа учурда Ноокатта – тоннасы дээрлик 9 миң 900 сомдон сатылууда, Баткенде – 9 миң 700 сом. Ошол эле учурда минималдуу баалар учурда Чаекте, бул жерде кара отундун бир тоннасын  3 миң сомго, ал эми Балыкчыда 4 миң сомго сатып алса болот.