Өлкөнүн 3 облусунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
суу ташкыны кечээ Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарында катталды.
Нарын-Оруктам жолунун 50-55-чакырым аралыгы жана Каракол-Эңилчек трассасынын
6 чакырымы кум шагылга толуп калды. Мындан тышкары Чоң-Алай районунда катуу
жааган жамгырдан улам каналдардан суу ашып, Дароот-Коргон айылындагы
сегиз үйдүн, Кызыл-Эшме айылындагы беш үйдүн короосун суу каптады.
Жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.