Мальдив аралдары туристтер үчүн 15-июлдан тарта ачылат

Мальдив аралдары туристтер үчүн 15-июлдан тарта ачылат. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, эл аралык туристтер вируска тест тапшырбайт, жадакалса ден-соолугу тууралуу маалымкат дагы көрсөтпөйт.

 

Эс алуу үйлөрү конокторду санитардык талаптарды аткаруу менен кучак жайып тосуп алат. Эске салсак, Мальдив аралдары чек араларын 2020-жылдын март айында пандемия кооптуулугунан жапкан.