Мамлекет бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыя берет.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор бюджеттен банктар аркылуу каржыланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2024-жылдын январынан тартып 60 ай. Насыя ишкердик субъектилерге жана жеке жактарга берилет. Белгиленген пайыздык ставка — 10 пайыз.