Москвада коронавируска массалык текшерүү жүргүзүлөт

15-майдан баштап Москвада коронавирус антителасына тургундардан жапырт тест алуу башталат. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин маалымдады.

 

Бир күндө миңдеген адамдардан тест алуу пландалып жатат. Бул бийликке шаарда жамааттык иммунитет пайда болгонун аныктоого жардам берет. Тест шаардагы бейтапканаларга жарандарды чакыруу менен өткөрүлөт. Мэрдин сайтында тест берүүчү жарандар кокустан тандап алуу ыкмасы менен аныкталары кабарланды. Аныкталган тургундардын электрондук почтасына же СМС аркылуу маалымдама жиберилет. Кан тапшыруу үчүн онлайн да жазылса болот.

 

Антитела табылган шаардыктар ооруканага обочолонууга жиберилип, кошумча ПЦР-тест алынат. Бул тест шаардагы карантиндик чараларды азайтууга негиз болмокчу. Изилдөө мэриянын сайтында улам жаңыланып турат.

 

Буга чейин “Важние история” басылмасы Москва аныктоосу анча так эмес болушу мүмкүн делген жүз миңдеген антитела текшерүүчү тест сатып алганын жазып чыккан.