Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экотехинспекциянын директору болуп дайындалды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Инспекциянын буга чейинки жетекчиси Жолдошбек Жунушев ээлеген кызматынан бошотулду.