Нарында электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет

Нарында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, долбоорду кытайлык компания ишке ашырат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө 20-июнга чейин техникалардын сырьесу Кытайдан алынып келинери, уюштуруу иштери жүргүзүлөрү жана июндун аягы менен заводду ишке киргизүү макулдашылды.