Ноокат районунда ири селден кийин калыбына келтирүү иштери уланууда

Ноокат районунда ири селден кийин калыбына келтирүү иштери уланууда. Кырсык болгон аймакта 300 куткаруучу иштеп жатат, анын ичинде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дагы бар.

 

Алар биргеликте табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуда. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Эске салсак, 28-июнда аймакта сел жүрүп, 10 адам каза тапты. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылууда. Эң кичүүсү болгону эки жашта.

 

Каза тапкандардын төртөө – Казакстан жарандары болгон.