Ноокат районунун айылдарында электр жарыгы калыбына келтирилди

Ноокат районунун селден жабыркаган айылдарында электр энергиясы калыбына келтирилди. «Улуттук электр тармактары» ишканасын билдиргендей, энергетиктер 40тан ашык электр линиясын оңдоп беришти.

 

Учурда башка мамылардын жана жогорку чыңалуудагы линиялардын абалын текшерүү үчүн эл жашаган аймактарды кыдырып жатышат. Жеринде 40 электрик, ошондой эле 15 даана атайын техника тартылган.

 

Мындан тышкары компаниянын кызматкерлери үйлөрдү селден тазалоого жардам беришүүдө.