Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов жеңүүчү деп табылды

Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов жеңүүчү деп табылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мындай чечимди бир добуштан кабыл алды.

 

Буга чейин аталган округ боюнча шайлоого катышкан айрым талапкерлердин арызынын негизинде добуштар кайра саналмай болгон. Ага ылайык, олуттуу мыйзам бузуулар аныкталбаганы кабарланды.

 

Эске салсак, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Акыркы эки округдан Айжигит Тыналиев менен Жумабек Салымбеков жеңүүчү деп табылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.