Окуучулар аралыктан билим алуудагы кемчиликтерди окуу жылы ичинде жоюшат

Окуучулар аралыктан билим алуудагы кемчиликтерди окуу жылы ичинде жоюшат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, ведомство атайын программа иштеп чыкты.

 

Ага ылайык, ар бир мектепте мугалимдер кандай жетишпегендиктер болгонун аныктап, жыл ичинде аларды жоюуга аракет кылышат.

 

Буга чейин айтылгандай, айрым окуучуларда телефон, интернет же сыналгы жок болуп, алар программадан артта калышкан.