Ордо калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо уланууда

Ордо калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо уланууда.

 

“Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштери Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн ортосунда жүрүп жатат.

 

Тилкеде 3 аткаруучу компания эки смен менен иштөөдө. Жаңыланган тармак Бишкектин түштүк тарабынын тургундарын жылуулук менен камсыздайт.