Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот.
“Түндүк электр” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 6га чейин
Тимур Фрунзе, Ибраимов, Шопоков, Чүй, Жумабек, Горький, Анкара, Щербаков
көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш-5 кичирайонунда, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Рухий-Мурас,
Ак-Босого жана Жеңиш конуштарында электр энергиясы берилбейт.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.