Орловка шаарына жаңы мэр шайланды

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаардык кеӊешинин сессиясында 21 депутат бир добуштан жалгыз талапкер Чанчаров Бактыбек Асаналиевичти кайрадан Орловка шаарынын мэри кылып шайлашты. Бул тууралуу мэриянын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Нургүл Мамырканова билдирди.

Маалым болгондой, бул күнү депутаттар күбөлүк жана төш белгилерин алышкан.