Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат.
Учурга карата 3,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлдү.
Ал эми быйыл жалпысынан аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо пландалууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.