Ош облусунун аймагында жер титиреди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 10-октябрда саат 09:02де
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.