Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, катуу жааган жаан улам Күйөө-Таш айылында сел 11 турак-жайды, ички чарбачылык жолдорду суу каптады.
Жеринде куткаруучулар жана атайын техниканын жардамы менен тазалоо иштери аткарылды. Жабыркагандар жок, — дешти ведомстводон.