Ош – Раззаков унаа жолундагы селден урап түшкөн Найман көпүрөсүнүн айланасы тазаланып, жол каттамы эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Көпүрө кечээ кечки саат 8 жарымда урап түшүп, каттам жабылган.
Жабыркагандар болгон жок. Жеринде министрликтин кызматкерлери жана атайын техника түнү менен иштеп, жол тазаланды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.