Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жолдун 70-71-чакырымында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.
Учурда тазалоо иштерүү жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жогорудагы чектөөнү эске алып, азырынча жолго чыкпай турууну эскертет.