Ошто 3 муниципалдык ипотекалык үй курулууда

Ошто 3 муниципалдык ипотекалык үй курулууда. Бул тууралуу novosti.kgге муниципалдык ипотекалык компаниянын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу билдирди.

 

Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 515 миллион сомду түзөт. Эки турак-жай ушул жылы колдонууга берилсе, үчүнчүсүнүн курулушу кийинки жылы аягына чыгат. Ипотекага батирлерди үйү жок, бирок төлөмгө жарактуу жарандар ала алат.