Ошто мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин директорлугуна тестирлөө 23-августта өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 17 бош орунга 100дөн ашык талапкердин катышуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин сынак менен директорлор Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында тандалды.