Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

 

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

 

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

 

Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди көрсөтүп, анын талапкерлигин парламентке киргизди. 46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болуп иштеген.