Парламент Кыргызстанда уран жана торий казууга уруксат берди

Парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Министрлер кабинети сунуштаган документке 70 депутат “макул”, сегизи “каршы” добуш берди.

 

Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.