Принцесса Диананын көйнөгү Голливуддагы аукциондо сатылды

Принцесса Диананын көйнөгү Голливуддагы аукциондо сатылды. Би-Би-Синин маалыматына караганда, жылдызча оюмдары бар кара түстөгү баркыт көйнөк 1,148 миллион долларга бааланды.

 

Кийимдин баасы аукциондун башталышында сунушталгандан 11 эсе кымбат болгон.

 

Бул аукциондо сатылган Принцесса Диананын эң кымбат кийими болуп калды. Ал аны биринчи жолу 1985-жылы Флоренцияда кечки тамакка кийген.