Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанга 9 миң тонна азык-түлүк сатып алынган.
Белгиленгендей, кыргызстандык мектеп окуучулары жана жакырчылыктын чегинен
төмөн жашаган үй-бүлөлөр үчүн сатылып алынган тамак-аштын жалпы наркы 8 миллион
долларды түзөт. Эске салсак, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстанга азык-түлүк
программаларын колдоо үчүн 96 миллион доллар бөлгөн, анын натыйжасында
республиканын 1 миллиондон ашык жашоочусу азык-түлүк жардамын алышкан.