Сүлүктүгө жаңы мэр дайындалды

Болот Абдыжапаров Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Болот Абдыжапаров буга чейин Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп турган.

Мамлекеттик кызматка келгенге чейин журналист болуп иштеген.

Ал эми Сүлүктүнүн буга чейинки мэри Максат Кадыркулов кандай себеп менен кызматтан алынганы айтылган жок.